Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысына бүгүн беттештирүү өткөрүлөт

 УКМКнын иштен алынган кызматкери Канат Сагымбаев азыр гаупвахтада

Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мурдагы күзөт башчысы Канат Сагымбаев азыр гауптвахтада. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

- Канат Сагымбаев төрт берене боюнча кылмышка шектелүүдө: массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүү, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иликтөө органдарынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук көрсөтүү, - деп тактады юрист. -Бүгүнкүгө беттештирүү пландаштырылган. Бирок, ким менен белгисиз. УКМКнын «Альфа» кызматынын жоокерлери менен го деп турам. Бөгөт чарасы азырынча карала элек.

Тактай кетсек, Канат Сагымбаев кечээ кечинде кармалган.

Буга чейин УКМКнын жеке коопсуздук кызматы УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык тергөө жүргүзгөн. Анын биринчисинде Сагымбаев июль айында кызматтык куралды тапшыруу буйругуна баш ийбей, кайтаруу объектисиз калган маалда дагы атайын техниканы гаражга тапшыруудан баш тарткандыгы аныкталып, ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

2019-жылдын сентябрь айындагы кызматтык тергөөнүн жүрүүшүндө УКМКнын ички инструкциясына каршы ЖМК менен мыйзамсыз байланыш фактысы аныкталган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх