«Альфанын» экс-командири: Канат Сагымбаев Атамбаевди кайтарууда өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарган
Өз кезегинде УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары аны «баатыр» деп атоого али эрте экенин белгиледи
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күзөт кызматкерлери анын үйүнө жасалган чабуул учурунда өз милдеттерин аткарып жатышкан. Алар тийиштүү буйрук болбосо объектти калтырып кете алышмак эмес. Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы - Канат Сагымбаевдин камалышы боюнча ушундай пикирин УКМКнын «Альфа» атайын операциялар башкармалыгынын экс-жетекчиси Алмазбек Жолдошалиев Vesti.kg сайтына билдирди.
-Аскер кызматкерлери башчыларынан буйрук алдыбы, болду - ойлонгонго укуктары жок, - деп белгиледи ал. - Менин түшүнүгүм боюнча, Канат Сагымбаев мурдагы президенттин кармалышына чейин өзүнүн түздөн түз милдеттерин аткарган. Бирок, ал ошол маалда кандай саясий кырдаал түзүлгөнүн жана бул кандай жыйынтыкка алып келээрин деле түшүнгөнү ыктымал.
Жолдошалиев, ошондой эле Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы атайын операция күч түзүмдөрү тарабынан ишке ашырылып жаткандыгынан кабары болбошу мүмкүндүгүн да божомолдоду.
- Менимче, ал байланышка чыгышы керек эле, - деди ал. Бирок, биз так билбейбиз да. Балким ал спецназдар менен сүйлөшкөндүр. Эгерде ага куралды тапшырып, посттон кетүү командасы берилип, ал баш ийбей койгон болсо - анда бул башка маселе. Мындай учурда, Сагымбаев жеке жоопкерчилике тартылышы керек.
Өз кезегинде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов тергөө органдары Канат Сагымбаевди жүйөөлүү себептер менен кармады деп божомолдойт.
- Мамлекеттик күзөт кызматкерлери ага ишенилген объектти мыйзам чегинде кайтарышы керек, - деп эскертти ал. - Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулдун биринчи секундаларындагы Сагымбаевдин иш-аракеттерин түшүнөм. Үйдү аймагына маскачан адамдар кирип алышты. Албетте, күзөтчүлөр мурдагы президентти коопсуз жайга алып кетүүгө аракеттеништи. Сагымбаев операцияны ким ишке ашырып жатканын билбеген деле болушу толук мүмкүн.
Андан кийин, Марат Мукановичтин пикиринде Атамбаевдин күзөтчүлөрү үйгө укук коргоо органдары кирүүгө аракет кылып жатканын, аларга баш ийүү керектигин билиши керек эле.
- Бул мурдагы президентти төргөө органдарына күч менен алып келүү боюнча мыйзам чегиндеги иш-чара эле, - деп белгиледи ал. Мындай кырдаалда, кайсы бир кызматтын жоокери эмес, ал тургай УКМКнын башчысы дагы буйрукка баш ийиши зарыл болчу. Азыр кандайдыр-бир тыянак чыгарып,Канат Сагымбаевди баатыр кылуу туура эмес. Бардык фактыларды дыкат текшерип чыгыш керек. Тергөөчүлөр адамды жөн жерден мындай оор кылмыштарга айыптай албайт да, - демек аларга негиз бар. Анын үстүнө бардыгы сотто ачыкталат. Кыңыр иш кырк жылда дегендей
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбае кечээ камакка алынган. Ал төрт берене (массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүү, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана иликтөө органдарынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш ишин жасаган деп шектелүүдө.
Вероника Малышева
Фото www