Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Бекешев: Мамлекеттик кызматкерлерге этикалык жүрүм-турум боюнча сабак өтүш керек

 «Мамлекеттик органдарда 500 сом төлөсөң анан сылык сүйлөшөт»

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге этикалык жүрүм-турум боюнча сабак өтүш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Дастан Бекешев билдирди.

-Санариптештирүү биздин өлкөнүн бардык бурчтарына жете элек, жарандар мамкызматкерлерге кайрылганга мажбур, - деп белгиледи ал. - Аларды кишилер менен адамча сүйлөшкөндү үйрөтүш керек. Мага бул боюнча арыздар тынымсыз түшөт. Биздин мамлекеттик органдарда 500 сом төлөсөң анан сылык кайрылышат. Биз сылык-сыпайы мамилени сатып албашыбыз керек.

Парламент мүчөсү премьер бул маанилүү маселеге көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

- Мен түшүнөм, мамкызматкерлердин эмгек маяналары аз, бирок, бул алардын жүрүм-турумун актабайт, - деп жыйынтыктады ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх