Ирина Карамушкина: Парламент мурдагы чекистти акыйкатчы кылып дайындап, ката кетирген
Депутаттын айтымында, 8 айдын ичинде Кыргысөзстанда 51 бала зордукталган
Акыйкатчынын институту кыбырап, өтө этияттык менен иштеп жаткан маалда, Кыргызстанда балдардын укуктары бузулууда. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
- Акыйкатчынын институтунда балдардын укугун коргоо боюнча атайын штаттык бирдик бар, - деп эске салды ал. - Анын ишин көргөн бирөө барбы? Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 8 ай эле ичинде балдарга карата 1012 кылмыш иши жасалган. Бул ар бир айда 114төн бала жабыркаганын түшүндүрөт. Бул убакыт аралыгында 51 бала зордуктоого кабылган, 45 бала өз өмүрүнө кол салган.
Карамушкина акыйкатчынын аппараты өз орундарын сактап калуу үчүн абайлап иштеп жатканын сынга алды.
- Биз ким кандай саясатты карманаарын изилдеп, өз бизнесибизди сактап калуунун үстүндө жан үрөп жатабыз, ушул эле маалда балдарыбыз жок болуп жатат, - деп кейиди ал. - Мен парламент мурдагы чекистти акыйкатчы кылып дайындап, ката кетирген деп эсептейм.
Вероника Малышева
Фото www