Иса Өмүркулов өкмөттү жол эрежелерин бузуу боюнча айыппулдардын өлчөмүн тез арада азайтууга чакырды
Депутат катуу чараларды киргизүү бийликтин эмоционалдык чечими болгонун, бирок, азыр айдоочулар жолдо этияттык менен айдап калышканын белгиледи
Депутат Иса Өмүркулов өкмөттөн жол эрежелерин бузуу боюнча айыппулдардын көлөмүн төмөндөтүүнү сурады. Бул тууралуу ал парламенттин пленардык жыйынында билдирди.
- Айыппулдар жөнүндө мыйзам жол кырсыктары менен жол эрежелери абдан көбөйүп кеткен маалда кабыл алынган, -деп эске салды ал. Бирок, бул эмоционалдык чечим болчу. Жыйынтыкта, бул ого эле чоң айыппулдар экени анык болуп калды. Элге кыйын болуп жатат.
Өмүркулов азыр айдоочулар жолдо этияттыкты сактап, абал жакшырганын белгиледи.
- Өкмөт айыппулдардын өлчөмүн төмөндөтүү боюнча ыкчам чечим кабыл алышы керек, - деп жыйынтыктады ал.
Вероника Малышева
Фото www