Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү хирург Эрнст Акрамов Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгесин «келесоолук» деди

ЖКнын экс-депутаты айрым ооруканаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүүгө каршы чыкты

Кыргызстанда кээ бир ооруканалар өзүн өзү каржылоого өткөрүлүшү мүмкүн.

Белгилүү болгондой, долбоордун биринчи этабында Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмү, Улуттук хирургиялык борбор менен жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борбору өткөрүлүшү мүмкүн.

Аталган мекемелерди өзүн өзү каржылоого өткөрүү идеясы белгилүү хирург, экс-депутат Эрнст Акрамовго жаккан жок.

- Келесоолук, эч кандай өнүгүү болуп кетпейт, - деди ал Vesti.kg. - Тескерисинче, баары кыйрап калат. Ооруканалар мамлекеттик, ал эми дарылоо бекер болушу керек. Башкача болушу да мүмкүн эмес.


Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Амангелди Мурзалиев өз кезегинде, тескерисинче, бул демилгени колдоорун билдирди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде ал долбоорду ишке ашырууну облустук жана шаардык ооруканалардан башташ керектигин айтты.

- Бүгүнкү күндө мамлекеттин ооруканаларды каржылай алчудай күчү жок, - деп белгиледи ал. Андыктан, медициналык мекемелер мындай түргө өтүп, өздөрү өздөрүн көзөмөлдөп турганы оң. Улуттук госпиталды өзүн өзү каржылоого өткөрүүгө болбойт го, бирок, анткени ал жерге дарыланууга өлкөнүн булуң бурчунан бери, алыскы айылдардан бери келишет. Дарыланууну төлөй албаган жарандар бар арасында.

Тактай кетсек, ооруканаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүү мүмкүндүгүн Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө КРнын СС министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Калмаматов маалымдаган.

Анын айтымында, документ учурда мекеме аралык макулдашуудан өтүп жатат.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх