Бабановго өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк беришти. Суракка улам чакырылышы - бийлик менен болгон макулдашууну жашыруунун амалыбы?
Эксперттер төргөө органдарынын президенттикке экс-талапкерге берчү орчундуу суроолордун деле чынында жоктугуна да ишенишет
Кечээ президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов Москвага ЖКнын депутаты Мирлан Жеенчороев менен кошо учуп кетти. Качан кайтып келери азырынча белгисиз.
Бабановдун өлкөдөн чыгып-киришине бийлик анчейин деле көңүл бурган жок, - деди бул боюнча ата мекендик саясат таануучу Турат Акимов Vesti.kg сайтына. Эгерде, ал сурак бере баштаган болсо жана каржы полициясы да чакырган болсо, анда тергөө аны Кыргызстандын аймагынан чыгууга чектө коюшу керек эле. Бирок, Бановго чыгууга мүмкүндүк берип жатышса, демек макулдашуу болгон. Тергөөнүн же прокурордун токтомун мен көргөнүм жок. Андыктан, так кесе деле айта албайм. Бирок, бийлик ага жол берип, тоскоолдук деле көрсөткөн жок.
Ал ортодо ЖКнын мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков, эгерде Өмүрбек Бабановго Кыргызстандын аймагынан сырткары чыгуу мүмкүндүк берип жатышса демек - тергөөнүн саясатчыга каршы анык деле айыптары жок деп ишенет.
- Бабанов сегиз иш боюнча күбө катары каралууда, - деди мурдагы эл өкүлү. Атамбаев маалында ага каршы козголгон иштер боюнча же күнөө тагып же ишти токтотуулары керек эле. Коомчулук муну билүүгө тийиш болчу. Акыркы жолу Бабановду кайсы иштер боюнча суракка алышкан деген суроо туулат. Эгерде, ал бир айдан кийин же андан көп убакытка өлкөгө кайра келбесе, анда тергөө органдары менен сүйлөшүп алган деп шектенсе болот.
Ошол эле маалда Мадылбеков азырынча Бабанов тергөө менен сүйлөшүп алгандыгын так кесе айтууга эрте экенин билдирди.
- Аны суракка алышканын канча жолу көрдүк, - деди ал. Демек, анчалык деле анык айыптар жок ага карата, ошого жолу ачык болуп жатат. Кичине күтүп турушубуз керек. Адамды күнөөлөп коюш тез эле, аны кийин кайра актоо кыйыныраак.
Фото www