Балдарын митингге алып барган ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу керекпи?
«Балдардын коопсуздугу бардыгынан жогору»
Балдар күндүз митингде эмес мектепте болушу керек. Мындай пикирин ата мекендик юрист Шарабидин Токтосунов Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.
Ал Казакстандын жаш балдардын укугун коргоо боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, сенатор Сауле Айтпаеванын митингге балдарын катыштырган ата-энелерге административдик чара көрүү демилгеси боюнча пикирин билдирди.
Токтосунов учурда Кыргызстанда дагы мындай жобо жок экенин айтты. Тынчтык митингдерине байланыштуу мыйзамдарда жашы жете электердин аларга катышуусу тууралуу дагы эч нерсе жазылган эмес.
- Мындай тыюуну киргизүү керек деп ойлойм, -деди ал. Балдардын коопсуздугу менен алардын психикасына камкордук көрүү максатында.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде 18 чыга элек жарандар тынчтык менен айрым учурда аяктабаган «тынчтык митингдеринде» катышпай эле койсо дейт.
- Мындай чектөөнү киргизүү туура эле, - деп божомолдоду ал. - Анткени, бизде «тыюу салынбагандан кийин демек, уруксат берилген» деген түшүнүк бар. Бул балдардын коопсуздук маселеси.
Белгилүү адвокат Руслан Долаев тынчтык митингдеринде балдардын катышуусуна тыюу салуунун атайын нормасын кабыл алуунун деле кереги жок деген пикирде. Бирок, ал мамлекет жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу зарыл деп ойлойт:
- Балдардын өздөрүнүн эле коопсуздугун ойлоп, митингдерге алып барбагыдай кылып, - деди ал Vesti.kg. – Кокустан кимдир-бирөө уруп алып же түртүп деле жибериши мүмкүн да.
Юрист Казакстанда учурда өзгөчө абал экенин жана бул жагынан биз коңшуларыбыздан өрнөк албай эле коюшубуз туура экенин белгиледи.
- Жарандар тынчтык митингдери аркылуу өз наарычылыктарын билдиргенге укуктуу, мыйзам менен аларды мындай укуктан ажыратуу ооздуктоого барабар болуп калат. - деген пикирин билдирди Долаев.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Казакстанда жаш балдардын укугун коргоо боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, сенатор Сауле Айтпаева жашы жете элек балдарды митингге чыгаргандарга административдик чара көрүүнү сунуштаган.
«Митингге жашы 16га жете элек балдарды чыгарган ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу керек. Бүткүл дүйнөдө 16га чыга элек балдарды ар кандай зомбулуктан коргоо максатында чаралар каралган», - деп түшүндүрдү ал.
Ольга Федорчук
Фото www