Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев -Аликбек Жекшенкуловго: «Сизди дагы бийлик буздубу?»

Саясатчы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Андрей Малаховго жооп бериши керек болчу деди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ишин сынга алды.

Социалдык тармактагы өз билдирүүсүндө саясатчы элчилик Андрей Малаховдун кыргызстандыктарды кемсинткен сөздөрүнө жооп бериши керек эле деди.

«Урматуу Аликбек Жекшенкулович!

Шовинист, чагымчыл,төмөнкү сорттогу Малаховдун бүтүндөй Кыргызстандын элин кемсинткен сөздөрүнө сизге жооп берүү кыйынбы!

Жөнөкөй бир кырсыктан жалган, жийиркеничтүү чуу жаратып жатат!

Орус жана кыргыз эли бир бүтүн, бир тууган, бизди ажыратууга болбойт!

Эгерде сиз кыргыз элин коргоп, алар үчүн жооп бере албасаңыз анда сизди эмнеге тандап, дайындашты?

Сиз мындай эмес элеңиз же сизди дагы бийлик буздубу?

Эсиңизге келип, бул ач Малаховго жооп бериңиз, сиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоого милдеттүүсүз!», - деп жазган Ташиев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында «Россия 1» телеканалында Андрей Малаховдун резонанс жараткан жол кырсыгына арналган телеберүүсү чыккан. Жол кырсыгында кыргызстандык айдоочунун башкаруусундагы автоунаа орус миллиардери Владимир Маруговдун уулунун мотоцикли менен сүзүшкөн. Кырсыктан Маруговдун уулу каза болуп калган.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх