Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскердик прокуратура КСДПнын компьютерлерин Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берди

Партия көзөмөл органынын аракеттерин конституциялык укукту бузуу деп атады

Аскердик прокуратура КСДПнын 2019-жылдын 12-сентябрында партиянын ижарага алган имараттарында өткөрүлгөн тинтүү боюнча кайрылуусуна жооп жиберди.

Аскердик прокуратура, айрым имараттарда, анын ичинде КСДП тарабынан ижарага алынган бөлмөлөрдө жүргүзүлгөн тинтүү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун негизинде иштин жагдайларын аныктоодо маанилүү болгон буюм жана документтерди табуу максатында ишке ашырылганын маалымдаган.

Бирок, Аскердик прокуратура КСДП саясий партиясынын документтеринин прокуратура жана ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан каралып жаткан кылмыш иштерге кандай тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок.

Мындан сырткары, катта айтылгандай, тинтүү учурунда табылган процессорлор УКМКга тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө берилген, алар аяктаган соң, алынган буюмдарды кайра кайтарып берүү маселеси каралат. Мында Аскердик прокуратура кайрадан эле КСДП партиясынын каралып жаткан кылмыш иштерине тиешеси жок техникасы кайсы негизде текшерилип жатканын такташкан жок.

Аскердик прокуратура «жогоруда белгиленген чаралар КСДПнын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жана Кыргыз Республикасынын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинде көрсөтүлгөн укуктарын эч кандай жол менен чектебейт деп баса белгилеп жатканы менен, КСДП муну конституциялык укуктардын бузулушу деп эсептейт. КСДП документтерин жана техникасын кайтармайын өзүнүн уставдык маселелерин жана укуктарын ишке ашыра албайт.

КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх