Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын РФдагы элчилиги Малаховго байланыштуу катты тийиштүү органдарга жиберет

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү орус алып баруучусунун айткандары боюнча жооп кайтарууну чечти

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тийиштүү органдарга белгилүү теле алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча кат жиберет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, бир нече күндөн бери кыргызстандыктар белгилүү орус алып баруучусу Андрей Малаховдун «Прямой эфир» телеберүүсүндө сүйлөгөн сөздөрүн катуу сынга алышууда. Берүү кыргызстандык такси айдоочусу Исламбек Акбаров менен орус миллиардери Александр Маруговдун уулу башкарып бараткан мотоциклдин катышуусундагы кандуу жол кырсыгына арналган. Кырсыктан мотоциклдин айдоочусу көз жумган.

Программада алып баруучу кыргызстандык айдоочу миллиардердин уулун атайлап сөзгөнүн божомолдогон. Ошондой эле, эми Акбаров 10 долларга иштеген бүтүн айылын багып кое алат деген сөздөрүн да айткан.

Журналисттин сөздөрү кыргызстандыктардын кыжырдантып, көптөгөн саясатчылар, медиа инсандар дагы аны сынга алышкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх