Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аликбек Жекшенкулов Камчыбек Ташиевдин сынына жооп кайтарды

КРнын РФдагы элчиси экс-депутатка экөө өз убагында соттук жана укук коргоо системасынын таасирине дуушар болушканын эске салды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов экс-депутат Камчыбек Ташиевдин орус теле алып баруучусу Андрей Малаховдун кыргызстандыктар боюнча айткандарына үн катпай отурат деп сындаганына жооп кайтарды.

Жекшенкулов түзүлгөн кырдаал орус миллиардери Владимир Маруговдун уулу каза болгон кырсыкка айыпталып жаткан кыргызстандык айдоочуга зыян тийгизиши мүмкүндүгүн белгиледи.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Биздин мекендешибиз кабылган жол кырсыгынын тегерегинде түзүлгөн жөнөкөй эмес кырдаалга сиздин чын дилден кайдыгер карабаганыңызды биз жакшы түшүнүп турабыз.

Учурда айрым журналисттер менен саясатчылар бул окуядан өздөрүнө упай топтоо аракетин көрүп жатышат, тилекке каршы. Малахов дагы алардын ичинде. Бирок, биз, бул татаал кырдаалда маданияттыкты сактап, өзүңүз туура белгилегендей айрым шовинисттердин деңгээлине түшпөшүбүз керек. Бул окуядан чуу чыгаруу аракеттери улана берет, бирок, биз айрым абийирсиз саясатылардын бизди чырга аралаштыруусуна жол бербешибиз керек. Бул жол кырсыгынын айланасында жаралган жасалма чуруу-чуу бүгүнкү күндө тергөө алдында турган мекендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Элчилик бул окуяга тынымсыз көз салып, укук коргоо органдары менен тыгыз иштешүүдө. Биз үчүн биринчи орунда бир теле алып баруучунун айткандары эмес, мекендешибиздин тагдыры турат. Мен жана элчиликтин бардык кызматкерлери популизм менен алектенип, жарандарыбыздын тагдыры менен ойной албайбыз!

Сиз менен убагында соттук жана укук коргоо системасынын таасирине дуушар болгонбуз. Мамлекеттик машиненин бир адамга жасаган басымы эмнеге алып барарын жакындан билебиз. Мен дипломат, саясатчы жана Ыйгарым укуктуу элчи катары ар дайым биринчи кезекке адамдын укугун коем жана биздин мекендештерибиздин укуктарын бардык деңгээлде, бардык учурда коргоп келем. Жеке бул мисалда маанилүү дагы бир принципти эстен чыгарбоо зарыл: зыяныңды тийгизбе!

Биздин мекендешибиздин тагдырына чын жүрөктөн кайдыгер карабаган сизге жана биздин бардык жигердүү жарандарыбызга ыраазычылык», - деген Аликбек Жекшенкулов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх