Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМК Атамбаевдин мурдагы жансакчысы ким менен чогуу камерада отурганы боюнча маалымат берди

Мекеме Канат Сагымбаевге коркунуч туудурчу эч нерсе жок экендигин белгиледи

Бишкектеги СИЗО-1ге кечээ камалган Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев мурда соттолбогон жарандар менен бир камерада отурат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматында билдиришти.

- Мекеменин ички эрежелерине ылайык, анын менен бир камерада мурда соттолбогон жарандар отурат. Ага коркунуч туудурган эч нерсе жок, - деп жооп беришти алар.

Бирок, ЖАМКда Сагымбаев менен чогуу бир камерада канча киши кармалып турганын айтышкан жок.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын жеке коопсуздук кызматы УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаев боюнча эки кызматтык тергөө жүргүзгөн.

УКМКнын маалыматына ылайык, Сагымбаев июль айында кызматтык куралды тапшыруу буйругуна баш ийбей, кайтаруу объектиси жок учурда дагы атайын техниканы гаражга кайтаруудан баш тарткан. Жыйынтыкта, ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

2019-жылдын сентябрь айындагы кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында УКМКнын ички инструкциясына каршы ЖМК менен мыйзамсыз байланыш фактысы аныкталган.

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы СИЗО-1ге үстүбүздөгү жылдын 8-октябрына чейин камалды. Анын адвокаты Сагымбаев аскер кызматкери катары буга чейин гаупвахтага кармалып туруп, эми СИЗОго которулганына нааразычылыгын билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх