Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артур Медетбеков: Кой-Таштын жашоочулары чектен чыкпашы керек

 УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары ал ичинде болгон комиссия калыс иштөөдө деп ишендирди

Кой-Таш айылынын жашоочулары этиканы сактап, чектен чыкпашы керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары, 7-8-август окуялары боюнча мамкомиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков билдирди.

- Кой-Таштын жашоочулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар боюнча өз версиясын айтып беришип, нааразылыктарын өтө орой түрдө билдирип жатышты, - деди Медетбеков. - Алар эмоцияга да берилип кетишти. Исмаил Исаков тургундарга чектен чыкпай, бири-бирин сыйлоого чакырды, мен муну туура көрдүм.

Анын айтымында Кой-Таштагы окуялар боюнча комиссия ишти калыс алып барууда.

- Комиссия акыйкат тыянактарга келүүдө, - деп белгиледи Артур Капарович. - Биз мыйзам негизинде калыс иштөөдөбүз.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, ЖКнын депутаты Бактыбек Райымкулов Vesti.kg сайтына жакынкы арада комиссия мүчөлөрүнүн ишинин жыйынтыгы даяр болорун айтты.

- Биз Кой-Таштан келген элдин пикирин угуп чыктык, - деди эл өкүлү. - Ар бир адам өз пикири менен нааразычылыгын билдирди. Эми биз комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарабыз.
Бирок, Райымкулов, азырынча алар эч кандай тыянакка келише электигин баса белгиледи.

Ал эми, аталган комиссиянын дагы бир мүчөсү, парламенттин экс-депутаты Исмаил Исаков, комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, кечээ 26-сентябрда Кой-Таш айылында 7-8-августта орун алган окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Көчмө жыйындын жүрүшүнө келген айыл тургундарынын көпчүлүгү комиссияны өкмөтчүл, калыс эмес позицияга ээ деп күнөөлөшкөн.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кайненеси Гуласал Тенизбаева Исмаил Исаковго аны колдоп мурда митингге чыкканын эске салган.

Аял 2009-жылы Исаковду колдогон акцияга көтөрүп чыккан анын сүрөтүн көрсөткөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх