Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин катасы толтура документи интернетте пайда болду (фото)

 Милиция кызматкерин мурда ээлеген ордуна «эл аралык куралчан топторго катышканы» үчүн кайтаруу

Facebook социалдык тармагында Ички иштер министрлигинин олчойгон каталарга толо документи пайда болду. «Мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу сунуштамасынын» сүрөтүн юрист Кайрат Осмоналиев жарыялаган.

«ИИМдеги сабаттуулуктун бир мисалы, министрдин орун басарларынын бири тарабынан ырасталган, - деп белгилеген ал. - Мурда салынган тартип жазасын жетишкен ийгиликтерине, анын ичинде «куралчан топторго жигердүү катышкандыгы» үчүн алып салууну сунушташкан.

Тактап айтсак, документтин тексти орусча жазылган, андагы сөз ГУК башкы инспекторуна буга чейин салынган тартип жазасын алып салуу туурасында.

Текст орой грамматикалык каталар менен жазылган. Ал эми, эң башкысы: салынган тартиптик жазаны милициянын подполковнигинен алып салууга негизги жүйө катары анын «1999-2000-жылдары Баткен районунда эл аралык куралчан топторго активдүү катышканы» көртсөтүлгөн. Кыязы, сөз «эл аралык куралчан топторду жок кылууга» катышканы жөнүндө болуп жатат, бирок, өзүңүздөр байкагандай, сүйлөм теңирден тескери жазылган.

Ошондой эле,милиционер «Ош шаарынын аймагындагы массалык башаламандыктардын коопсуздугун камсыздоого» катышкан экен.

- Бул документке бир нече жыл болду, - деди Vesti.kg сайтына Кайрат Осмоналиев. – Мен ал жөнүндө спикердин Нур-Султандагы сүйлөгөн сөзүнөн кийин эстеп кеттим. Ары күлкүлүү ары кайгылуу бир эле маалда.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg парламенттин спикери Дастанбек Жумагуловдун Нур-Султанда өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин 4-жыйынында орусча сүйлөп чыгам деп, тили сынып кала жаздаганын кыргызстандыктар шылдыңга алганын жазган эле.

 

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх