Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ал түшүнүктүү адам». Нарын шаарынын жаңы мэри туурасында кесиптештеринин пикири

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Нурбек Молдокадыровдун дайындалы боюнча өз пикирин билдирди

Наарын шаарынын жаңы мэри болуп Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясын буга чейин жетектеп келген Нурбек Молдокадыров дайындалды.


Молдокадыровдун кесиптеши, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева Vesti.kg сайтына берген маегинде аны тажрыйбалуу адис катары мүнөздөдү.


- Биздин кесиптеш буга чейин ПРООНдо иштеп, жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн, ал элдин көйгөйлөрүн жакшы билет, - деди Дүйшөналиева. - Мындан сырткары, ал мыкты инсандык сапаттарга дагы ээ. Эл менен тил табышууну билет, мен Нурбек Молдокадыров Нарын шаарына жакшы жетекчи болуп берет деп ишенем.


Маалым болгондой, жаңы мэрдин талапкерлигин «Кыргызстан» партиясы көрсөткөн.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх