Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев парламентке «интернет-троллдорду» чакырууну сунуштады

Депутат Жогорку Кеңешти каралаган соцтармактардагы фейк аккаунттардын ээлерин жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди

Жалган маалымат тараткан социалдык тармактардагы фейк аккаунттардын ээлерин жоопкерчиликке тартуу керек. Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, парламенттин ишин социалдык тармактагы айтылуу «троллдор» бурмалап көрсөтүп жатат.


- Баарыңарды өйүгөн бир көйгөй жөнүндө айткым келип жатат. - Акыркы кезде фейк аккаунттар парламентин ишин жамандап, анын аброюн түшүрүп жатышат. Биз унчукпай койсок, бул туура эмес болуп калат. Бизге коррупционер ж.б. деп сын тагышат. Калыстык үчүн карасак - пара менен ким кармалып жатат? Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн. Коомдук терс пикирди биз жакка бургулары келип жатат.


Депутат элдер президенттин, өкмөттүн, ЖКнын сөздөрүнө эмес соцтармактагы фейк аккаунттардын калпына ишенип жатышат деп эсептейт.


- Албетте, соцтармактардын өнүгүшү сөз эркиндиги, жеткиликтүү,ыкчам маалымат катары жакшы, бирок, жалган маалыматты таратуу күч алып жатат. Алдыда парламенттик шайлоолор, демек, талапкерлер туурасында калптар көбөйөт. Бул тынчсыздандырат.
Төрөбаев фейк аккаунттарга өздөрү туурасында чын маалыматты көрсөтүүнө сунуштады. Ал ошондой эле фейктердин айынан парламентке сабатсыз адамдар келип калышы мүмкүн деди.


- Шайлоо тууралуу мыйзамга тийиштүү пунктту киргизүү керек, анткени, фейктердин айынан парламенттин болочок талапкерлери зыян тартып калышы мүмкүн. Алардын айынан Жогорку Кеңешке Иса Өмүркулов сыяктуу тажрыйбалуу саясатчылар эмес, сабатсыз жана тажрыйбасы жоктор келип калышы мүмкүн. Андыктан, урматтуу достор, эксперттер менен фейктердин өзүн чакырып, аларга эмне керек экенин сурайлык.


Өз кезегинде медиаэксперт Гульнура Төралиева Vesti.kg сайтына тармактык «троллдорду» саясатчылар өздөрү жалдаарын эске салды.
Ал депутат Төрөбаевди кесиптештеринен алар кайсы фейк топторду каржылашарын сурап көрүүгө чакырды.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх