Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депуттары менен аткаминерлердин Ак үйдүн ашканасына карыздары толуп кеттиби?

 Ашкана бүгүнтөн тарта карызга тамак берүүдөн баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары менен президенттин аппаратынын кызматкерлери Ак үйдөгү ашканага карыз болуп кетишти. Бүгүнтөн тарта ал жерде карызга тамак берүүдөн баш тарткандарына караганда, береселери аз эмес.

«Береселердин көбөйгөнүнө байланыштуу тамактар карызга берилбейт», - кафетерийдин эшигинде мына ушундай жазуу бүгүн илинген.

Сүрөт менен Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасынан «Бешинчи каналдын» башкы директору Эрнис Кыяз бөлүшкөн. Ал парламенттин имаратына кокустан иши боюнча барып калып, биротоло түшкү тамак ичип кетүүнү чечкен. Ашкананын кире беришен ал ушул жазууну окуп калган.
«Сырткы карыздын көбөйүшүнө Ак үйдү көп күнөөлөйбүз, ал болсо ашканага да карыз экен, ал тургай», - деп жазган Кыяз публикациясында.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын май айына карата Кыргызстандын сырткы карызы 3,783 млрд долларды түзгөн. Акыркы 5 жылда ал 10,4 пайызга көбөйгөн.

Дээрлик жарымын (45 пайыз же 2 млрд 430 млн 448 миң доллар) биздин өлкөгө Кытайдын Экспорт-импорттук банкы карызга берген. 647,82 млн долларды республика Эл аралык өнүгүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банктын тобуна) жана 569,12 млн долларды – Азиа өнүгүү банкына карыз.

Ольга Федорчук
Фото Facebook

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх