Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Курсан Асановдун мурдагы жубайы: Автоинспекторлор кечирим сурап, айыппулду өздөрү төлөп беришти

 Жыпаргүл Баргибаева көчмөндөр оюндарында кандай мамилеге туш болгонун айтып берди

ИИМнин башчысынын экс орун басары Курсан Асановдун мурдагы жубайы, «Ала-Тоо айымдары» коомдук кыймылынын лидерине айып пул жазган автоинспекторлор кечирим сурап, айыппулду өздөрү төлөп беришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жыпаргүл Баргибаева өзү айтып берди.

- Мен Таласта жүргөндө мага ал автоинспекторлор телефон чалып, кечирим сурашты, - деди ал. Алар күнөөсүн мойнуна алышты. Мен аларды азырынча кечире албасымды түшүндүрдүм. Кимдин буюртмасы менен мындай кылышканын сурадым. Алар мага чегерген айыппулду өздөрү төлөп беришерин айтышты. Айыппул жөнүндөгү билдирменин кагаздарын жөнөтүүмдү өтүнүшкөн. Бирок, ал маалда мен кесиптештерим менен сахнага чыгышым керек эле, андыктан, алар менен маекти уланта албадым. Эки күндөн кийин мага ИИМнин коопсуздук кызматынан бир аял чалып: «Тергөө кылабыз. Ушул бойдон калтырбайбыз» деди.Тилекке каршы, аларга барганга мүмкүнчүлүгүм болбоду.

Кийинчерээк, Баргибаева анын чынында күнөөсү болгонбу-жокпу текшерүүнү чечип, Facebook аркылуу ага буга жардам бере алчу эксперттерге кайрылган.

- Автоинспекторлор өздөрүнүн аракеттерине жооп бериш керек да, - деп сөзүн улантты генерал Асановдун мурдагы жубайы. Фейсбуктан мен эксперттерге кайрылып (мүмкүн ал жерде жол кыймылынын, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бардыр), биз ал күнү кечинде чын эле эреже бузганыбызды аныктап берүүлөрүн сурандым. Апрель революциясынын баатыры Таалай Айдаров жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Эртеси биз жол сакчылары бизди токтоткон жерге бардык. Ал окуя болгон жерди карап эсептеп чыкты. Көрсө ал жерден 30 метр ары айдаса эреже бузуу болмок экен, биз болсо ордубуздан жылгандан кийин 15 метр жылып, унаа токтоочу жай жакка бурулганбыз. Сызыкты кесип өткөн эмеспиз. Бул бирөөнүн буюртмасы эле го деп турабыз.

Муну менен бирге «Ала-Тоо айымдарынын» лидери айрым ЖМКнын өкүлдөрүнүн кысымына кабылганын белгиледи.

- Мындан сырткары, биз өтүп кеткен көчмөн оюндарында дагы кысым болуп жатканын сездик, - деди Жыпаргүл Баргибаева. - «Ала-Тоо айымдары» коомдук кыймылынын мүчөлөрү парадда басып бараткан маалда уюштуруучулар атайын дем алуу алып, ким өтүп жатканын айтпай коюшту. Мага бул жөнүндө айтып берүү оор болуп жатат. Ал жакка барган 100гө жакын жашы улгайып калган эжелердин аннотацияларын окубай коюшту. Сынактарда дагы катыша албасыбызды билдик, кантип эми ушундай болсун? Биз даярданганбыз да. Бизге муну иш-чара өтүп жатканда эмес, Бишкектен эле айтышса болот эле го. Менимче, мунун артында журналист Аалы кызы Назира турат.

Кечээ Жыпаргүл Баргибаева интернетте анын катышуусундагы видео жарыяланганы тууралуу уккан.

- Мен бүгүн ал автоинспекторго телефон чалып, акыркы сүйлөшкөнүбүздө ал жерге келген журналист бул тасманы жарыялабайт деп макулдашканыбызды эсине салдым. - Алар журналисттин эмне себептен ошол рейдде тарткан тасманы болбой эле чыгарышканын билишпейт экен. Кыязы, бул жерде да Аалы кызы Назиранын тиешеси бар экенин божомолдосо болот. Автоинспекторлор мага жазышкан айыппулду өздөрү төлөшүптүр. Акыркы он жылда мен ар кандай жол кырдаалдарына дуушар болгом. Бирок, жол сакчылары аркамдан кууп, ал эмес оперативдик топту да чакырышып жибергенине биринчи жолу учурадым. Бул менин мурдагы өмүрлүк жолдошум Курсан Асановдун аты менен байланыштуу экени шексиз.

Сөзүнүн жыйынтыгында генералдын мурдагы жубайы кимге кайрылууну билбей калганын айтып кейиди.

- Опумбаев менен Жунушалиев Курсан Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, милициянын кызыкчылыгын сатышты дешти, - деп эске салды Баргибаева. - Алар менин кайрылуумду угушабы деген суроо туулат. Бул аларга керекпи. Мүмкүн дароого президентке кайрылуу керек? Азырынча Курсан Сатарович менен байланыша албай жатам. Ал азыр кандай оор абалда турганын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Балдарымдан тез-тез кабар алып турам, алар үчүн тынчсызданып жатам.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg 12-сентябрда ЖКККББ кызматкерлери Курсан Асановдун мурдагы жубайынын жана кызынын автоунаасын токтотушканын жазган эле. Автоинспекторлор анда оперативдик топ менен ТВ журналисттерди жерине чакырышкан.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх