Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Маматалиев «Азаттыктын» операторуна болгон кол салуу тууралуу: ЖМК кол тийбес болуш керек

КСДП ЖКнын дээрлик бир дагы фракциясы Матраимовдордун үйүнүн жанынан журналисттин сабалышы тууралуу үн катпаганына кыжырданды

КСДП партиясы кечээ жакында эле «Азаттыктын» операторунун сабалышы боюнча билдирүү таратып, муну сөз эркиндигине болгон кезектеги чабуул катары бааларын билдирди.
КСДПнын мүчөлөрү жабыркаган оператор Айбек Кулчумунов менен журналист Ыдырыс Исаковго каршы буюртма кодулоону токтотууну талап кылышты.- Окуя болгон күндөн кийинки бир нече күн ичинде өлкөдөгү дээрлик бир дагы саясий партия, парламенттеги бир дагы комитет бул боюнча тынчсыздануусун билдирген жок, - деп жазылат билдирүүдө.


Ал ортодо Vesti.kg депутаттарга кайрылып, алар бул маселени Жогорку Кеңеште көтөргөн жатышабы же жокпу тактадык. Депутат Марлен Маматалиев Vesti.kg сайтына, аталган окуяны «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында көтөрөрүн айтты.


- Бул маселени көтөрөбүзбү жума күнү билинет, - деди Маматалиев. - Биз бирөөнү жазага тартуу керектигин чечпейбиз, бирок, иштин акыйкат иликтенишин талап кылабыз. Жеке мен үчүн ЖМК кол тийбес болушу керек. Алар өз ишин ачык жана калыс жүргүзөт. Журналисттерди ур-токмокко алуу, менимче туура эмес.


«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев өз кезегинде ЖМК өкүлүнүн сабалганын укпаганын айтты.


- Бизде күн тартибинде бул маселе коюлган эмес, - деди ал.
Калган парламенттик фракциялардын күн тартиптеринде дагы «Азаттыктын» операторунун сабалышы тууралуу маселе жок экени белгилүү болду.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх