Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун мурдагы жубайына Кой-Таштагы окуялар боюнча комиссиянын курамына кирүүнү сунушташты

Жыпаргүл Баргибаева азырынча бул боюнча чечим кабыл ала элек

ИИМнин башчысынын экс-орун басарынын мурдагы жубайы Жыпаргүл Баргибаевага 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлүгүнө кирүү сунушу түштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Мен азырынча ойлонуп жатам, - деди ал.- Курбум мага: «Сен Курсанов Асановдун мурдагы жубайы эле эмес, юрист, адвокатсың, «Ала-Тоо» коомдук кыймылынын лидерисиң» деди. Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеш керек. Күнөөсү жок элдер ак жеринен айыпталып жатат. Курсан Асанов кызматтык абалынан пайдаланганбы же аны башкалар колдонуп кеттиби текшерүү зарыл. Биз унчукпай отура беришибиз керекпи?

Муну менен бирге ал ар дайым эл үчүн иштеп келгенин белгилеп өттү.

-Биз 2000-жылдагы Аксы окуяларында, эки революцияда тең эл үчүн иштеп келгенбиз.- Мен демек революционер-аялмын. Биз ар бир өкмөттү жана ар бир президентти колдоп келгенбиз. Ар бир өткөн шайлоодо иштегенбиз. 2017-жылдагы шайлоодо биздин коомдун мүчөлөрү бекер иштеп берген, Жалал-Абаддагы ар бир район, айылды кыдырып чыкканбыз. Бизге эми ушинтип ыраазычылык көрсөтүп жатышабы? Кимге ишенеримди билбей калдым. Мен, бирок, азыр оппозиция тарапта эмеспин. Болгону жөнөкөй бир жарандын пикирин билдирип жатам, - деди Жыпаргүл Баргибаева.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх