Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Анара Дауталиева: Билим берүү министрлигинин мектептерде акча чогултууга тыюу салуу буйругунда логика жок

Эксперттин айтымында мамлекет окуу жайларын толук каржылоого чамасы жетпесин мойнуна алып, ата-энелерден ачык эле жардам сурашы керек

КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептерде акча чогултууга тыюу салган буйругунда логика жок жана ал иштебейт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу жана билим берүү жаатындагы эксперт Анара Дауталиева билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер акча окуу жайларында акча чогултууга мажбур, анткени алар өз балдарынын жакшы шартта билим алуусун каалашат.

- Биз 30 жылдан бери акча чогултуп, мектептерге колдоо көрсөтүп келебиз, анткени, билим берүү тармагы эчактан бери толук каржыланбай келет, - деп белгиледи ал. - Бөлүнгөн акча каражаттын 90 пайызы мугалимдердин эмгек акысына, соцфонд менен салык кызматына, ошондой эле коммуналдык кызматтарга кете. Калган 9 пайыз 1 миллион 300 окуучуга жетеби эмне? Албетте, жок. Мамлекет болсо ушунча жылдан бери акчасы жок экенин жөн гана мойнуна алгысы келбей жүрөт.

Серечи бир убакта ал өзү дагы мектептерде акча чогултууга каршы чыгып жүргөнүн, бирок, абалды ичинен көрүп чыккандан кийин өз эрки менен класстык фондго акча чыгара баштаганын кошумчалады.

- Мен муну балдарым мектепке барганда түшүндүм, мектеп имараттарынын, инфраструктураны жана жабдуулардын эскилигин көрдүм, - деди Дауталаиева. Менин балам ыңгалуу шарттарда билим алсын деп кийин өз эрким менен акча чыгара баштадым. Мектепте жарык, жылуу болуш үчүн, класстарда интерактивдик доска, балам ксерокс издеп ары-бери чуркабаш үчүн. Бүгүнкү күндө мамлекет бор менен доска сүрткөнгө майлыкка дагы акча чыгарбасын мойнуна алгысы келбейт, а булар мугалимдин негизги куралдары да. Азиз Суракматов мэр болгондо, мектептеги жеке күзөт кызматтарын жоюп, ИИМ менен макулдашам деген эле, бирок, буга канча акча кетерин эсептеп чыккандан кийин, бул тууралуу экинчи унчукпас болду.

Дауталиева билим берүү министрлигин алдында 30-сентябрда түзүлгөн жумушчу топтун курамына кирген. Анын айтымында, аткаминерлер менен жолугушуулар көз карандысыз серепчилердин купулуна толгон жок.

Жолугушууда Минфиндин өкүлдөрү болгон жок, - деп белгиледи ал. Эгерде мамлекет окуучуларды керектүү буюмдар менен камсыз кыла албаса, биз кантип анан акча чогултуулар мыйзамсыз деп сүйлөй алабыз? Жыйында мындан сырткары, күн тартиби белгиленген эмес, протокол жүргүзүшкөн жок, дал келбестиктерге толгон сабатсыз буйрукту колубузга тапшырып коюшту. Мен билим берүү министринин жардамчысынан ПКРдин 2013-2019-жылдарга киши башына жана нормативдик каржылоо тууралуу токтому, ошондой эле 2011-2013-2015-жылдарга бюджеттик каржылоонун стандарттык шкаласын жана Финансы министрлигинин 2015-2019-жылдарга нормативдин каржылоонун реализациясы тууралуу отчет сурадым.

Серепчи сөзүнүн жыйынтыгында документтерге ылайык, 11-класстын бир окуучусуна бир жылда 12 миң сомдон жогору каражат сарпталышы керек. Бул пункт иш жүзүндө аткарылып жатабы - белгисиз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх