Фархад Тулендыбаев: Мугалимдердин маянасын 20 миң сомго чейин көтөрүү керек
ЖКнын депутаты көптөгөн мугалимдер татыктуу эмгек акы төлөгөн жеке секторго кетүүгө мажбур экенин белгиледи
Кыргызстанда мугалимдердин статусун көтөрүп, алардын маянасын 20 миң сомго чейин көтөрүү керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Фархад Тулендыбаев билдирди.
- Ошондо анан кесипкөй адистер иштейт, - деп сөзүн улантты парламент мүчөсү. Азыр көптөгөн адистер жеке секторго кетип жатышат. Жакында «Газпромдун» мектеби ачылды, көп мугалимдер ал жерге кетип калышты, анткени, аларга мектеп татыктуу эмгек акы төлөп берет. Элдин жүзүн көргүң келеби - аны мектептен көрө аласың. Бюджеттен мугалимдерге керектүү шарттарды түзүүгө кошумча каражат бөлүш керек.
Муну менен бирге эл өкүлү мугалимдерге мыйзам тарабынан социалдык кепилдиктер каралганын,бирок, иш жүзүндө алар иштебей жатканын белгиледи.
- Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 7 жана 8-беренелерине ылайык, мугалимдерге жеңилдиктер каралган, - деди Тулендыбаев. Мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга ссудалар берилиши керек. Айыл өкмөттөрү мугалимдерге жер бөлүп бериши керек. Алар жылына бир жолу акысыз дарылануу алып, эс алуу путевкасын дагы ал ала алышат. Мыйзамда мындай социалдык кепилдиктер жазылган, бирок, иш жүзүндө алар жок.
Медина Купсулдаева
Фото www