Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Алтыбаева Кыргызстанда алкоголдук продукцияны чыгарууну азайтууну сунуштады

Эл өкүлүн ошондой эле 45 пайыз жарандарыбыздын тамеки тартышы тынчсыздандырат

Бүгүн Кыргызстандын суперамаркеттери менен дүкөндөрүндө кооз таңгакталган насыбай сатып жатышат. Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрдү.

- Биз өзүбүз тамекинин курамын билбейбиз, - деп белгиледи ал. - Жыл сайын 6 миңден ашык адам дем алуу системасынын рагынан каза болот. Биздин балдар 15 жашынан тарта эле кальяндын даамын тартып көрүшөт. Дүйнөдө күчтүү өлкөлөр тамеки буюмдарынан баш тартып жатышат. Биздин мыйзамдар коомдук жайларды тамеки тартууга жол берет. Тамекинин таңгагында ал тургай анын жыпар жытын татып көрүүгө чакырышат. 45 пайыз жарандарыбыз тамеки тартат. Бул өтө чоң сан.

Мындан сырткары, Алтыбаева алкоголдук продукцияны чыгарууну кыскартууну сунуштады.

- Биз алкоголдук ичимдиктерди чыгарууну азайтышыбыз керек, - деди эл өкүлү. - Дүкөндөрдө спирттик ичимдиктердин түрүн сатып жатышат. Жарандарыбыздын ден-соолугун ойлойлу. Көптөгөн продукцияларда акциздик марка жок.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх