Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина: Фейктердин эмес, чыныгы элдин үнүн уккулачы!

 Парламент мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына чабуулду уюштургандардын бардыгынын отставкасын талап кылды

Бийлик фейк менен боттордун эмес, чыныгы элдин үнүн угушу керек. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

- Биз «Азаттыктыктын» журналисттеринин хан сарайдын аймагына басып киргенине байланыштуу адилеттүү тергөөнү талап кылып, аны менен кошо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке территориясына курал менен басып кирүү боюнча дагы унутпашыбыз керек, деди эл өкүлү. Ал жерде жай тургундар жабыркады, бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы тургандары үчүн газ менен уулантышты. Эмнеге бир дагы урматтуу саясатчы же интеллигенциянын өкүлү Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары кабылган аракеттерди токтотууга барганга убакыт тапкан жок? Бардыгы эмне болор экен деп, кино көрүп жаткансып күтүп отурушту.

Ирина Юрьевна мурдагы президентти кармоого УКМКнын спецназы да катышканын эске салды.

- Фейк менен ботторду эмес, чыныгы элдин үнүн уккулачы, - деди эл өкүлү. Түшүнөм, көбүңөргө ыңгайлуу шарттарыңарды сактап, кайдыгер отуруу маанилүүрөөк. Өздөрү кол салып, кийин кылмыш ишин ачып коюшту. Ушуга чейин түшүнүксүз: кармоого санкцияны ИИМ берет, ал эми Атамбаевди кармап, үйүнө чабуул жасоого УКМКны жиберишет. «Альфа» эгерде террористтерди же бандиттерди кармоо тапшырмасы болсо, алда канча кайраттуу иштемеги шексиз. Бирок, мында аларды жай тургундарга каршы чыгарып койду. Бул чабуулду ойлоп чыккандардын бардыгы отставкага кетиш керек деп эсептейбиз.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх