Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова: Башына түшкөн көйгөлөрдү премьер кантип чечээр экен көрөлүк

Эл өкүлү кесиптештерине атайын экспериментке барып, мектептик фонддордон баш тартууну сунуштады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башына түшкөн көйгөйлөрдү кантип чечерин көрүү үчүн мектептик фонддорду колдонууну токтотуш керек. Мындай пикирин парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Евгения Строкова билдирди.

- Премьердин ата-энелер фонддорго чогулткан акча кайда кетерин таптакыр түшүнбөсүн айткан сөздөрү эсиме түштү, - деди эл өкүлү. - Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кесиптештериме сунуштайт элем, келгиле атайын экспериментке барып, фонддор менен колдонууну токтотолук. Ошондо анан премьер бул акчалар кайда кетерин түшүнөт. Керт башына түшкөн көйгөйлөрдү кантип чечээр экен көрөлүк.

Муну менен бирге Строкова «Апрель» телеканалынын тарапташтарына дагы жооп кайтарды.

- Бир убакта мен «Сентябрь» каналынын күйөрманы эмес элем, - деп сөзүн улантты эл өкүлү. - Качан бул телеканал менен азыр «Апрель» туш болгон кырдаал болгондо, азыр «Апрелге» жан үрөп жүргөндөр, «Сентябрь» каналына тиешеси болгондордун бардыгын жазалоону суранып жүрүшкөн. Канча бир убакыттан кийин ушул эле жыштыкта «Апрель» каналы пайда болот. Бумеранг.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх