Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдар бийликке умтулууда. 2020-жылга депутаттыкта 10 миң аял талапкер даярдалат

Кыргызстанда «Аялдар өзгөртүү жасай алат» жалпы улуттук кампаниясы башталды. Мандат үчүн күрөш оңой болчудай эмес

Кыргызстанда «Аялдар өзгөртүү жасай алат» жалпы улуттук кампаниясы башталды. «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фонду Улуу Британиянын Улуттук демократиялык институтунун колдоосу жана Эл аралык өнүгүү департаментинин каржылоосу менен «Аялдар өзгөртүү жасай алат» долбоорунун бет ачар аземин өткөрдү.
Кампания аялдардын парламентте жана жергилиликтүү бийлик органдарында аз санда көрсөтүлгөнүнө, ошондой эле гендердик квота жөнүндө мыйзамды жергиликтүү жана улуттук деңгээлде ишке ашыруу максаты менен иштелип чыккан.


ДИА фондунун башчысы Авазкан Ормонова ири долбоордун башталышына «Кыргызстандын лидер айымдары» тармагына кирген Кыргызстандын бүткүл аймагынан 16 активист айым чакырылганын билдирди.


Долбоордун катышуучусу Эркингүл Осекова бүгүнкү күндө аялдар жергиликтүү кеңештерде дээрлик жок экенин маалымдады, анткени гендердик квоталар жетиштүү деңгээлде сакталбайт.


«2020-жылга депутаттыкта 10 миң аялды даярдоо ниетибиз бар. Бул бүтүндөй бир армия! Кыргызстандын шайлоочуларынын 52 пайызын аялдар түзөт, демек аялдар мамлекеттик органдарда татыктуу орундарды алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Бизге бийликте физикалык жактан эле катышуу эмес, бийликтин өзүнүн сапатын жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү. Анткени, аялдар коомдогу көйгөлөргө таптакыр бөлөк көз карашка ээ», - деп белгиледи ДИА фондунун лидери Авазкан Ормонова.

Активист айымдар аялдардын бийликте татыктуу көрсөтүлүшүнө үй-бүлөдөгү эркектер тарабынан зомбулук, укуктук жана финасылык сабатсыздык, өлкөдөгү туруксуздук, коомдун радикалдашуусу жана маргиналдашуусу, миграция, гендердик стереотиптер жана социомаданияттык абал сыяктуу маслелер тоскоол болуп жатканын белгилешти.


Толкун Наматбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх