Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаев мага «жаныма келбе, атып салышат» деди». Кой-Таштагы чабуулдун жаңы жагдайлары (видео)

7-августта мурдагы президенттин үйүндө болгон окуя УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаевдин көзү менен

Кечээ УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин кызыкчылыган коргогон адвокат Замир Жоошев Фейсбукка мурдагы президенттин экс-күзөт башчысы 7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды айтып берип жаткан видеосун жарыялаган.


Канат Жоошев Vesti.kg сайтына видео 11-августта тартылганын маалымдады. Юристтин айтымында алар ошондо эле Сагымбаев камалып кетиши мүмкүн экинин сезишкен.


- Ошондуктан, мен кийин жазууну иштин материалдарына кошуп коюу үчүн, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө эмне болгонун төкпөй чачпай видеого айтып берүүсүн андан сурангам.


Белгилүү болгондой 26-сентябрда Канат Сагымбаев оор жана өтө оор кылмыштарга шектелип, СИЗО-1ге киргизилген.


Жарыяланган видеодо Сагымбаев Алмазбек Атамбаев элдер менен жолугушууга эшикке чыккан маалда анын үйүнө чабуул болгону жатканын сезгенин айткан.


- 7-августта Алмазбек Шаршенович элге чыккан маалда мен бир унаа ары-бери жүрүп жатканын көргөм, - дейт УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери. Мен балким жарыш кылып жатышабы деп ойлодум. Алар дарбазанын жанына токтошкондо анан жүрөгүм бир нерсени сезди. Постто турган жарандык балдар, «чабуул» деп кыйкырышты. Мындай кырдаалда менин негизни милдетим - мамлекеттик күзөткө алынган объектини эваукация кылуу. Мен өз милдетимди толук аткардым деп эсептейм, анткени, анын башынан бир да чач түшкөн жок.
Сагымбаев маскачан адамдар өздөрүн тааныштырбай, эскертүүсүз мурдагы президенттин үйүнөн ок чыгарышканын айтты.


- Мен аны үйгө киргизип, эшиктин бардыгын жаап чыктым, - деп сөзүн улады офицер. - Бул маалда Алмазбек Шаршенович өз бөлмөсүнө кирип кетти. Мен терезеден сыртта кандай жагдай болуп жатканын байкап турдум, эшикте снайпер болушу мүмкүн деп ойлодум, анткени, анда ким кол салганын билген эмесмин. Мен боз үйдүн жанынан маскачан кишилерди көргөм, үйдө эч ким жок болчу. Көрсө алар эчак үйдү тегеректеп, эшиктерди сындырып киргенге аракет кылып жатышыптыр.
Бир аздан кийин эшикти араалап жаткандай үн уктум, бул 30-40 мүнөттөй уланды. Ушул убакытка чейин Алмаз Шаршенович бөлмөсүнөн чыккан жок. Ал мага «жаныма келбе, атып салышат» деди.


Мурдагы президенттин жансакчысы аны менен эч ким эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн айтты. Сагымбаевдин айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн тааныштырбай эле эшиктерди сындырганга аракет кылып жатышкан.


-Ал тургай алар оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп-сагынып жатышты. - Алмаз Шаршенович аларга өйдө чыкпагыла деп, эч кимдин канынын төгүлүшүн каалабасын айтып жатты. Мен Алмазбек Шаршеновичке барайын деп чечтим. Ушул маалда ок чыкты- ал тамдын шыбына тийди. Ызуу-чуудан октун үнүн аныктоо кыйын болуп жатты. Бир аздан кийин элдер дарбазанынан жанынан бир нерсе өрттөп, эшиктерди сындырып жаткандарды сүрүп чыкканын көрдүм. Мен терезени ачып, тааныган балдарга ачуу кандыкка алдырбагыла дейин дегиче терезеге таштар учуп баштады, үйдө болсо убл маалда элдер келип, эшикти ачуумду талап кыла башташкан. Эшиктин артында Кундуз Жолдубаева, анын аркасында көп эл туруптур. Алар эшикти ачып, Алмазбек Шаршеновичти көрсөтүүнү суранып жатышты. Мен Атамбаевдин коопсуздугу үчүн эшикти ача албасымды айтып, алардан кечирим сурадым. Бирок, ал элдерди басылтуу үчүн баары бир чыкты, элдер аны көрүп кетип калды.


Канат Сагымбаев ошондой эле жаалданган топтор ур-токмокко алган спецназдын кызматкерлерине дагы жардам бергени айтып өттү.


- Бир аздан кийин бир бала чуркап келип, тигил жакта спецназдарды тепкилеп жатышканын айтты, - деди ал. - Мен ылдый түшүп, жарадар болгон адамдарды көрдүм. Аларды бир нече бала өлтүрүп коюшпасын деп коргоп жатыптыр. Мен катуу жарадар болгондорду өзүнчө жаткырып, биринчи жардам көрсөттүм, калгандарын бөлмөгө жашырып койдук. Ошондо гана алар спецназдын кызматкерлери экенин билдим. Алар алгач эскертип, өздөрүн тааныштырыш керек эле. Анда башкача сөз болмок. Алар болсо бизге террористтердей мамиле кылып, сөгүп жатышты. Андан кийин мен спецназдарды сабап жаткандарга чыгып, элди басылтканга аракет кылдым. Атамбаевдин атынан сурандым. Мен жай тургундардын колунан ок көргөн жокмун.Бирөө гана Калашников автоматын кармап турган, бирок ок чыгарайын деген ниети жок болчу. Ал мени көргөндө колундагы куралын мага берди.


Сагымбаев «Альфанын» кызматкерлерин жарандык кийимге кийинтип, бирден чыгарганын айтып берди.


- Мен кимдир-бирөөгө бул маалда аларды уруп жиберүүгө жол берген жокмун, - деп белгиледи Канат Сагымбаев. - Спецназдык эвакуациясы маалында элдер ачууланып, аларды өлтүрөбүз деп коркутуп жатышты. Ошондуктан, мен алардын бардыгын чыгара албай калдым. Айрымдарын үйдө калтырууга туура келди. Андан кийин мен абалды Алмазбек Шаршеновичке билдирдим. Ал калган кызматкерлерди эвакуациялоону сурады. Мен бул мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүм, анткени, кыжырданган топ мага жол бермек эмес. Алар барымтада болбогонун баса белгилеп кетким келет. Биз ошол маалда колдон келген шарттарды аларга түзүп бердик.


Андан кийин Сагымбаев Атамбаевдин үйүндө калган башка спецназдарды кантип чыгарганын баяндайт.


- Эртеси күнү мен Алмазбек Шаршеновичтен элден спецназдарды кое берүүсүн өтүнүүсүн сурандым, - деп сөзүн улантты ал. Элдер макул болуп, мен дароо Асел Кодурановага чалдым. Ал УКМКнын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, аларга унаа жиберишерин айтты. Биз көпкө күттүк. Көптөн кийин Кодуранова чалып, унааны эл өткөрбөй жатканын билдирди. Мен ал жерге бир баланы жөнөттүм. Ал болсо тез жардам унаасы да, эвакуация кылчу машине да келбегенин мага маалымдады. Анда мен аларды алып кете алчу каалаган унааны табууга буюрдум. Ошентип, биз унаа таап, аларды жарандык кийимге кийинтип, шаарга жибердик. Мен аларды унаага чейин узатып бардым.



Гулиза Чудубаева
фото и видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх