УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бийликтин экстремизмге каршы күрөшүнүн кемчиликтерин атады
Жалал-Абад облусунун милициянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы тыюу салынган диний адабияттарды сактоо үчүн мурдагыдан эки эсе аз киши жоопкерчиликке тартылган
Экстремизм менен күрөшүүдө камакка алуулардан мамлекеттик жана жергиликтү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү көбүрөөк мааниге ээ. мындай пикирин Vesti.kg сайтына УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов билдирди.
- Мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу талкуу жүрүп жатканда, экстремисттик адабиятты сактап, таратууга кандай жаза көрүлүшү керектиги тууралуу кызуу талаштар болгон - деди ал. Анткени, элдер кээде үйүндө эмне китеп окуп, сактап жатышканын деле билбейт. Ал эми тыюу салынган уюмдар атайын элди алдап, аларды исламга гана үйрөтүп жатканын айтышат. Динге ишенгендер окуп баштаган диний адабиятардын арасында мыйзамсыз чакырыктар менен брошюралар чыгып калат.
Марат Муканович терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жаатында көптөгөн жылдар иштеп, мындай көрүнүштөрдү күч менен эле жоюу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.
-
Экстремисттерге каршы күч гана колдонсо, алар таптакыр эле көмүскөгө кетип, ишмердүүлүгүн токтотушпайт, - деп белгиледи ал. Алардын эң корккону - коомдук пикир, андыктан түшүндүрүү иштери - бул эң натыйжалуу курал. Бирок, мындай ыкма жөн эле кармап, камап коюдай жеңил эмес. Эл менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүш керек. Бардык эле кызматкерлер муну кылып отургусу келбейт.
Тактай кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусунда «Зомбулук менен коштолгон экстремизмди алдын алуу боюнча мамлекеттин аракеттеринин контекстинде адамдардын укугун коргоо жайылтуу» темасында серепчилердин катышуусундагы жолугушуу өткөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук «Справедливость» укук коргоо уюмунун сайтында маалымдалат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун ИИБнин ага ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын майору, экстремизм менен күрөшүү тармагында 12 жылдан бери иштеп келе жаткан Фархад Козубаев милиция кармоо жана камоо чараларынан эми профилактикалык таасир кылууга өткөнүн билдирген.
Ал сандарды дагы келтирген: 2010-жылдан 2018-жылга чейин жыл сайын милиция 80-90 кишини экстремизм боюнча кармап келген. Сегиз жылда бул сандар 640-720 кишиге жеткен. 2019-жылы милиция болгону 45 кишини катташкан. Төрт иш сотко кароого өткөрүлүп берилген, калган иштер өндүрүштө турат. 18 иш токтотулган.
Козубаевот мындай статистика жаңы мыйзамдар боюнча тыюу салынган диний адабиятты сактоо үчүн жоопкерчиликке тартуу болбой калганы менен да байланышутуу экенин белгилеп өттү. Мындай адабиятты тараткан жаран гана жоопкерчиликке тартылат.
Вероника Малышева
Фото www