Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев №27- колонияга которулду

Бишкек шаардык кеңеш биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Молдовановкада жазасын өтөйт

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев Чүй облусундагы №27-түзөтүү колониясына которулду. бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма өз кызматынан билдиришти.

- Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, ал СИЗО-1ден №27-колонияга которулду, - деп маалымдашты мекемеде. Ал түзөтүү колониясында 18-сентябрга чейин кармалат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди күнөөлүү деп таап, кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча аны 5 жылга эркинен ажыраткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх