Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча катка жооп беришкен жок

Арыз КСДП парламенттик фракциясынын 32 мүчөсүнө жиберилген. Дастан Бекешев гана үн катты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттары Кой-Таш айылынын жашоочуларынын жана аты уйкаш партиянын саясий кеңешинин 7-8-августтагы окуялар боюнча жалпы катына жооп беришкен жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков маалымдады.

Буга чейин ал катты КСДП парламенттик фракциясынын 32 мүчөсү алганын билдирген эле.

- Азыркы күнгө чейин парламент мүчөлөрүнөн Дастан Бекешевден башка эч ким жооп берген жок, - деди ал. Ал дагы бирок бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрөбү-жокпу белгисиз.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кой-Таш айылынын жашоочулары Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин депутаттарына Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо керектиги жөнүндө кат жиберишкени белгилүү болгон.

Каттын авторлору КСДП фракциясынан депутаттардан колдоо көрсөтүүнү суранышкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх