Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жана Россиянын лидерлери Бишкекте 28-ноябрда өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты
Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүсү өттү.
Маектин жүрүшүндө Жээнбеков Путинди туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, Россиянын өсүп-өнүгүүсүнө багытталган алдыдагы пландарынын ишке ашырылына ийгиликтерди каалап өттү.
Мындан сырткары, мамлекет башчылар кыргыз орус алакаларына байланыштуу орчундуу маселелерди, ошондой эле 28-ноябрда өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин туулган күнүнө карата куттуктоо сөзүн жөнөткөн.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www