Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Улуттук статистикалык комитети 1,8 млн сомго электрондук планшеттерди сатып алууда

Мекеме аларга жүз гаджет кандай максатта керек болуп жатканын түшүндүрдү

Улуттук статистикалык комитет 1,8 млн сомго электрондук планшеттерди сатып алганы жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында маалымдалат.
Улуттук статкомитет Vesti.kg сайтына бул маалыматты тастыктап, планшеттер 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоого керектелерин билдиришти.


- Биз каттоо үчүн 1,8 млн сомго 100 планшет сатып алууну көздөп жатабыз, -деп маалымдашты Улуттук статистикалык комитетте. - Бир электрондук гаджетти биз 18 миңге сатып алууга ниеттенүүдөбүз.


Мекемеде бул планшеттер келечекте дагы пайдалынарын кошумчалашты.


- Биз аларды бир эле иш-чарага колдонууга алганы жаткан жокпуз. Комитет аларды өз ишинде дайыма колдонууга ниеттенүүдө.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх