Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

23 жаштагы үч жылдык тажрыйбасы бар «Билим берүүнүн отличниги». Билим берүү министрлиги кандайча мындай болгонун түшүндүрдү

Муну менен бирге мекеме Оштогу № 50 мектептин мугалиминин министр Каныбек Исаков менен туугандык байланышы бардыгы жөнүндөгө ушактарды четке какты

КРнын билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарындагы №50 мектептин география сабагы боюнча 23 жаштагы мугалими министр Каныбек Исаковго туугандык жайы бар делген маалыматты четке какты.

Мекеме Vesti.kg сайтына төмөндөгүдөй жооп жиберген:

2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7 пункттуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды: республикалык “Жыл мугалими” сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана ардак грамота менен сыйлоого укуктуу.

-Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы билим Берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыган. №50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” конкурсунун жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

 Эске салсак, буга чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарындагы Паиз Нишанов атындагы № 50 мектебинин география сабагы боюнча мугалими Бактыгүл Жапар кышы Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Бул маалыматты көптөгөн кыргызстандыктар сынга алып чыккан. Жарандар үч жылдык эмгек тажрыйбага ээ мугалимдин «Билим берүүнүн отличнигин» алуусу канчалык мыйзамдуу экенине кызыгып, айрымдар аны билим берүү министри Каныбек Исаковдун тууганы го деп дагы чыгышкан.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх