Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республика» менен «Ата-Журт» шайлоодо өз-өзүнчө 9 пайыздык босогодон да өтүшөрү күмөн»

Депутат Кенжебек Бокоев алардын партиясы кыязы, шайлоого өз алдынча барарын тастыктады

Парламенттик шайлоого өз-өзүнчө бара турган болсо, «Республика» жана «Ата-Журт» партияларынын 9 пайыздык босогодон өтө алышары деле күмөн жаратат. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аркадий Гладилов билдирди.

- Дегеле, алар эмнеге биригишти эле?, - деп сөзүн баштады ал. -Албетте, алар бул тууралуу сөз кылгысы келбейт, бирок лидерлеринин жердигине караганда «Республика» -  көбүрөөк түндүктүк партия, ал эми «Ата-Журт» болсо - түштүктүк. Азыр болсо эки партия тең өлкөнүн жетекчилигинин колдоосун алууга далалат кылып жатышат, бирок, президент бирөөнө да басым жасабайт го.

Гладилов эки партиянын «ажырашуусу» «Ата-Журтчулар» «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен тыгыз кызматташтыкка ишенишип, бирок, бул тилектеринин ишке ашпай калганында деп божомолдойт. Серепчи «Ата-Журттун» болочокто ийгиликке жетерине да күмөн санайт, анткени, анын пикири боюнча альянста негизги ролду баары бир «Республика» ойноп келген.

Анткен менен саясат таануучу партиялардын дараметтери тууралуу ишенимдүү айтууга али эрте экенин айтат. Парламенттик шайлоолорго дагы бир жыл бар жана бул саясий күчтөрдүн артында ким турары келечекте гана айкын болот.

- Шайлоо алдындагы кампания маалында кандай каржылоо болот, баары ошого жараша болот, - деди ал. Мүмкүн «Ата-Журтта» акча салууга даяр болгон демөөрчүлөр пайда болгондур.

Депутат Кенжебек Бокоев («Республика – Ата Журт») Vesti.kg сайтына альянстагы партиялар, кыязы Жогорку Кеңешке шайлоого өз-өзүнчө барышарын тастыктады.

- Бул суроонун лидерлерге берилиши туура болмок, негизи. Бирок, «Ата-Журт» өз алдынча барарын жарыялап койбодубу, демек, «Республика» деле жалгыз барат да, - деди ал. Саясий жактан маселе чечилген. Менимче, болгону юридикалык формалдыктар гана калды.

Кечээ экс-депутат Ахматбек Келдибеков «Ата-Журт» партиясын Камчыбек Ташиев жетектей турганын билдирген.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх