Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыспек Сарпашов Бишкектин вице-мэр кызмат ордунан алынып, «Тазалыкка» кайрадан келди

Шаардык муниципалитеттин жетекчилигинде бир катар кадрдык орун алмашуулар болуп өттү

2020-жылга жаңы сейил бактарын, коомдук мейкиндиктерди, тротуарларды жана веложолдорду куруу пландарына байланыштуу Бишкек мэриясына бир катар кадрдык ротациялар болуп өттү.

Борбор калаанын турак жай коммуналдык чарбачылык маселелери боюнча вице-мэри болуп, буга чейин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын жетектеген Мирлан Амантуров дайындалды.

Эске салсак, 2018-жылдан август айынан тарта вице-мэр кызматын Рыспек Сарпашов ээлеп келген. Ал кайрадан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорлугуна келди. «Тазалыктын» мурдагы жетекчиси Талантбек Казакбаев кайрадан ишкананын башчысынын орун басары кызматына, ал эми "Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканансынын жетекчилигине бүгүнтөн тарта Айдар Апсеметов келди. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын долбоордук-техникалык бөлүмүн жетектеген.

Тийиштүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх