Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Кундуз Жолдубаева бүгүн эле камалат го деп ойлоп жатам (видео)

Юристтин айтымында кечээ Жолдубаеваны техникалык себептерден гана камакка алышкан эмес. Бүгүн болсо бардыгы даяр

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева бүгүн камакка алынышы мүмкүн. Мындай божомолун журналисттер менен болгон маекте анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, кечээ техникалык себептерден улам гана ал камакка алынган эмес.

- Менимче, бүгүн акыры Кундуз Жолдубаеваны камакка алышат, - деди ал. Тилекке каршы, биз муну көптөн бери күтүп күтүп жатканбыз. Кечээки беттештирүү 16:30да аяктап, биз 18:00дө гана чыктык. Бир жарым саат тергөөчү топтун жетекчисинин чечимин күтүп отурдук, ал болсо тергөөчдөн биз кете берсек болорун, бирок, бүгүн кайтып келишибиз керек экенин айттырып жибериптир. Кечээ Жолдубаеваны шектенүү туурасындагы билдирмени жазганга жетишпей калышканы үчүн гана кое беришкен. Бүгүн менимче, сотко баш коргоо чарасын кароо боюнча өтүнүч менен кошо бардык документтерди даярдап коюшту го деп турам.

Юрист, мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаевага барымтага алуу боюнча айып тагылары ыктымал экенин кошумчалады.

- Бирок, мен ал жерде барымтага алуу болгон эмес деп эсептейм, анткени, спецназдар каарданган элдин колуна кокустан түшүп калышкан, - деди Жоошев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх