Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Сагымбаевди 9-декабрга чейин СИЗО-1де калтыруу чечими кабыл алынды

Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын жактоочусу дагы эле «Сагымбаев гауптвахтада кармалышы керек» деп айтууда

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал Бишкектеги СИЗО-1де 9-декабрга чейин калтырылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

- Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук сотунун Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасын узартуу жөнүндөгү токтомуна каршы аппеляциялык арыз каралды, - деди адвокат. Коргоочу тарап Сагымбаевди кармоого негиз болбогонун, ал өз маалында көрсөтмө берип, тергөөгө эч кандай тоскоолдук кылбаганына таянган.

Анын айтымында, мыйзам боюнча Сагымбаев азыркыга чейин аскер кызматкеринин макамана ээ болгондуктан, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында кармалышы керек эле.

- Гауптвахтада СИЗО-1ге караганда анча-мынча шарттар бар да, - деп белгиледи юрист. Биздин оюбузча, ага кандайдын бир кысым көрсөтүү үчүн тергөө изоляторуна киргизишти.


Эске салсак, буга чейин УКМКнын жеке коопсуздук кызматы УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаев боюнча эки кызматтык тергөө жүргүзгөн.
УКМКнын маалыматына ылайык, Сагымбаев июль айында кызматтык куралды тапшыруу буйругуна баш ийбей, кайтаруу объектиси жок учурда дагы атайын техниканы гаражга кайтаруудан баш тарткан. Жыйынтыкта, ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.


2019-жылдын сентябрь айындагы кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында УКМКнын ички инструкциясына каршы ЖМК менен мыйзамсыз байланыш фактысы аныкталган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх