Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер кайрадан өз мэрибизди өзүбүз шайласак дешүүдө

Саясатчылар дагы шаар башчысын шаардык кеңештин депутаттары эмес, жарандар шайлашы керек деген пикирде

Бишкекте активисттер борбор калаанын мэрин шаардык депутаттар эмес, шаардыктар өздөрү шайлашы керек дешүүдө. Шаар мэринин түздөн-түз шайлоолорун демилге кыла турганын экологиялык кыймылынын башчысы Фейсбук социалдык тармагында билдирген.


Vesti.kg комментарий алууга кайрылган көз карандысыз серепчи Аида Алымбаева дагы бул идеяны колдоорун билдирди. Шаар мэрин шаардык кеңештин депутаттары эмес, шаардыктар шайлашы керектигин ал дагы айтып өттү.


- Мэр менен аймак башчыларын депутаттар эмес, кыргызстандыктар өздөрү шайлашы керек, - деп эсептейт Алымбаева. - Биз алардын (депутаттар) кантип мандатка ээ болушарын беш колдой билебиз, шайлоолор калыс өтпөйт. Андыктан, депутаттар биздин кызыкчылыкты коргобойт. Эл кайсы мэр келээрин өзү чечкенге укуктуу. Шайлоо укугу жарандардын негизги укуктарынын бири. Ошондуктан, айрым бир кандидат бир ууч депутатты «мага шайлап кой» деп аке-жакелебей, эл өзү шайлагандай кылыш керек.


Дагы бир саясатчы Денис Бердаков дагы MoveGreen кыймылынын демилгесин колдоп чыкты. Ал түз шайлоо - шайлоо демократиясы демек деп белгиледи.


- Мэрдин түз шайлоосу жарандарга эмне берет, - деп суроо салды серепчи Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Биринчиден, шаар башчысынын жарандар алдындагы жоопкерчилигин. Экинчиден, мэриянын ишмердүүлүгүн эркинирээк кылат. Бизге шаардыктарга шаардык кеңеш аркылуу эмес, түз жоопкерчиктүү болгон адам керек. Азыр биз жоопкерчиликти шаардык кеңешке өткөрүп берип койдук, а ага эл ишенеби? Менимче, жок.


Башка саясатчы Кубат Султанбеков, тескерисинче, шаар башчысын тандоо схемасын өзгөртүүнүн кажети жок деген ойдо.


- Биринчиден, шайлоо - бул көп чыгымды талап кылган нерсе, - деди ал Vesti.kg сайтына. Экинчиден, депутаттарды деле биз шайлаганбыз. Алар элдин өкүлдөрү катары мэрди шайлай алышат. Менимче, эл мэрдин түз шайлоосуна макул болушпайт, анткени, алар президенттик шайлоолодо деле анчейин активдүү шайлашпайт. Баары бир, эл каалаган адам кызматка келбейт, жыйынтыкты бурмалап коюшат. Шаардын бюджети болгону чыгымга учурайт.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх