Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Атамбаевди сотко күч менен алынып келиши мүмкүн экенин четке какпайм

Сергей Слесарев соттук алдын ала угуулар мурдагы президенттин катышуусу жок эле өтө берсе болорун билдирди

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктурууга сотко күч менен алынып келиши мүмкүн. Мындай пикири менен мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Vesti.kg сайтына берген маегинде бөлүштү.

- Мыйзам боюнча аны отурумдарга күчтөп алып келе алышпайт, - деп белгиледи юрист. -Анын үстүнө ал соттук териштирүүлөрдө катышпайм деп арыз жазып берген. Бул баштапкы соттук отурумду ансыз эле өткөрүүгө жетиштүү. Бирок, сот конвойдук кызматтан аны сотко мажбурлап алып баруусун талап кылуу керек деп чечти, бул мыйзам бузуу болуп саналат. Мен аны күчтөп алып келүүлөрү мүмкүн деп ойлоп турам.

Бүгүн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар өтмөк. Бирок, жыйынга Атамбаев келүүдөн баш тарткандыктан, соттук жараян жылдырылды. Октябрдын башында дагы ал СИЗОнун камерасынан чыгуудан баш тарткан эле.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда 26-октябрга чейин камакка алынган. Ага коррупция, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча айыптар тагылган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх