Икрамидин Айткулов: Курсан Асановдун иши декабрда жабылышы мүмкүн
Министрдин экс-орун басарынын жактоочусу ИИМнин жетекчилиги тергөөгө дагы деле кысым көрсөтүп жатканын белгиледи
ИИМнин башчсынын мурдагы орун басары Курсан Асанов 23-декабрга чейин үй камагында калат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.
- Курсан Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырышты, - деди Айткулов. - Буга чейин тергөө кызматы шектенүү тууралуу билдирме тапшырган, буга байланыштуу алар кандайдыр-бир баш коргоо чарасын коюуга мажбур болду.
Юристтин айтымында ИИМ Асановго карата козголгон кылмыш ишин кыязы токтотот, анткени, айыптоочу тараптын эч кандай далилдери жок.
- ИИМнин жетекчилиги тергөөгө кысым көрсөтүп, Асановго каршы бир нерсе табуунун айласын кылып жатат, - деп белгиледи Айткулов. Бул иштин алкагында алар дагы деле анын туугандарын, жердештерин жана башка тааныштарын текшеришүүдө.
Эске салсак, 8-августта Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны Кой-Таштагы үйүнөн көчөгө чыгарган. Ал жерден аларды ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев тосуп алган.
13-августта Асановду «ишенимдин жоктугунан жана кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн деп отставката кетирилгин. 14-августта ал Аскердик прокуратурага суракка чакырылган.
Эльдос Казыбеков
Фото www