Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов: 7-8-августтагы окуялардын чыныгы күнөөкөрлөрү жазасын алышын кудайдан тиленип жатам

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Жеңиш Разаков жана мамлекеттик комиссияга ачык кат менен кайрылды

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков жана комиссиянын мүчөлөрүнө ачык кат менен карылды.

Кайрылууда төмөнкүлөр жазылган:

«2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды калыс жана адилеттүү тергөөнүн маанилүүлүгүн эске алып, атайын түзүлгөн комиссияга бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз келе жаткан бир катар суроолорду иликтеп, жооп берүү сунушу менен кайрылам.

Каза тапкан жоокер Ниязбековдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөм.

Болуп өткөн окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү жазасын алсын деп кудайдан тилейм. 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө жарадар болгон жана башка жабыркаган адамдардын бардыгынын тез арада сакайып кетишин каалайм.

Мага жана Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтарына тагылган айыптардын суу кечпестигине жана айдан ачык жасалмалуугуна карабастан, мен болуп өткөн окуялардын чоо-жайын ачыктабайм, анткени, учурда тергөө жүрүп жатат жана КР КПКнин маалыматты жарыялабоо боюнча тийиштүү талаптары бар.

Азыркыга чейин жоопсуз калган суроолордун тизмеси жана айрым түшүндүрмөлөр менен чектелмекчимин:


1. Массалык башаламандыктар менен алардын кесепеттери боюнча айыптоолорду жергиликтүү элдин нааразычылыгынын себеби болгон УКМКнын мыйзамсыз атайын операциясынан бөлүп кароо канчалык мыйзамдуу?


Менин билишимче, Башкы прокуратура да, УКМК да, ИИМ да 7-августта өткөрүлгөн атайын операция кайсы мыйзамдардын негизинде Кыргызстандын экс-президенти менен салтуу жолугушууга келген жай тургундарга карата курал колдонуу менен өткөрүлгөнүн түшүндүрө алышкан жок.
Ал жерде террористтер болгон эмес.


2. Атайын операциянын мыйзамсыз болгондугу боюнча негиздердин көптүгүнө карабай эмне үчүн ал операцияны өткөрүү чечимин кабыл алган жооптуу инсандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат?


Атайын операция өтө оор кесепеттерге, анын ичинде кызматкердин өлүмүнө да алып келди жана операциянын мыйзамсыздыгы далилдене турган болсо, демек жооптуу инсандар жазасын алышы керек.


3. «Альфанын» кызматкерлерин ким сактап калган?


4. «Альфанын» кызматкерлерин ким жардамсыз калтырган?


Куралчан адамдар Атамбаевдин үйүнө курал колдонуп, күч менен басып киришип, ал жерге чогулган жарандарга каршы ок чыгарып жатканына кыжырданган жергиликтүү жашоочулар Атамбаев А. Ш.нын үйүнө келишкен.


Чогулган эл өтө ачууланып турган жана Атамбаев А.Ш.нын тарапташтарынын аракеттери менен гана спецназдык кызматкерлерин сактап калууга жана аларды мындан да оор кесепеттерден алып калууга мүмкүн болгон.
Атамбаев А. Ш.нын тарапташтары жарадар спецназдарга дарыгерлерди киргизип, аларды ооруканага алып кетүүгө жардам беришкен. Калган 6 жоокер менен коопсуз жайга чогултулган алардын куралдары менен эртеси күнү УКМКнын өкүлдөрү алып кетишмек.


Бирок, УКМК өз өкүлдөрүн жиберген эмес, калган жоокерлерди Атамбаев А.Ш.нын тарапташтары өздөрү алып кетүүгө мажбур болгон. УКМК аларды жардамсыз калтырган.


5. Күч түзүмдөрү алсыз болуп калган маалда экс-президенттин тарапташтары эмнеге жаалданган элди тынчтандырып, 7-август күнү кечинде спецназдарды Бишкекке алып кетүүгө мүмкүндүк берген эмес?


Жаалданган элдин саны өтө көп болуп кеткен, бирок, Атамбаев А.Ш.нын тарапташтары жана экс-президент өзү кан төгүүгө жол бергилери келген эмес, алар тынчтык сүйлөшүүгө далалат кылышкан.


Өлкөдөгү тынчтык бардыгынан жогору.


6. Эмнеге эртең менен жарыялангандай Атамбаев А.Ш.нын тарапташтары Кой-Таштан Медиа-Форумду көздөй бет алышкан эмес?


Алар спецназдар менен алардын куралдарын алып кетчү УКМКнын өкүлдөрүн күтүшкөн. Алар куралды тийиштүү кайтаруусуз калтыра алышмак эмес жана, антпесе, «демонстранттар Бишкекке курал менен келе жатышат» деген сөз чыкмак.


7. Экс-президент Атамбаев А. Ш.нын 7-августтан 8ине караган түнү айткан билдирүүсү эмнеден улам тынчтыкка умтулган жана бийликти ойлонуп, диалогго чакырган мүнөздө болгон?


Экс-президент кырдаалдын тынчтык менен аякташына умтулган.


Мамлекеттик комиссиянын урматтуу мүчөлөрү! Жарандык коомчулук көтөрүп жаткан жана азыркыга чейин жоопсуз калган башка дагы көп суроолор бар. Мен ачык катымда өзүмдүн көз-карашым бар бир нече гана суроолорго токтолдум. Зарыл болсо Мамлекеттик комиссиянын суроолоруна алардын жыйынында жооп бере алат элем», – деп жазылган Фарид Ниязовдун катында.


КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх