Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Денис Бердаков: Мага 350 миң долларга Жогорку Кеңештен орун сунушташты

 Эксперт Жогорку Кеңештин депутатынын креслосун «сатып алуу» сунушу кимден түшкөнүн тактаган жок

Саясат таануучу Денис Бердаковго Жогорку Кеңештин депутатынын ордун сунушташты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына берген маегинде ал өзү тастыктады.

«Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоолор өтөт. Мага орун сунушташты. Өтө кымбат кресло экен, көрсө. Медиалык инсан катары, андан башка жаштар жана улуттук квотамды эске алып, жеңилдетүү беришкенден кийин партиянын кассасына 350 миң доллар төлөөм керек экен»,- деп жазган Бердаков соцтармактарда.

Vesti.kg сайтына берген маегинде ал Жогорку Кеңешке кайрадан эле олигархтарды келтирбеш үчүн анын шайлоо кампаниясына краудфандинг баштоо идеясы менен Фейсбуктагы катталуучуларына кайрылган. Бирок, ал эл өкүлүнүн мандатын ага ким сунуштаганын тактаган эмес.

- Мен фейсбукта өлкөнү өзгөртүүнү каалагандар үчүн шайлоо кампаниясын каржылоого краудфандинг идеясын карап чыгууну сунуштадым, - деди Бердаков. - Парламентке дагы бир жолу олигархтар келип албаш үчүн.

Саясат таануучунун айтымында ал эч качан ЖКте иштөөнү пландаштырган эмес.

«Мен буга чейин парламентке барууга ниет кылган эмесмин. Бирок, мындай иш болуп жатса жана экологиялык жана коррупциягы каршы мыйзамдарды сүрөгөнгө мүмкүндүк пайда болсо… Фейсбуктан мынтип сураганга даярмын: Карапайым киши 350 000 АКШ акчасын кайдан таба алат? Таанышым 35 000 жарандардан 100 доллардан чогултууну сунуштады. Менимче, бир аз фантастикалуу. Бирок, краудфандинг идеясы мага жагат. Депутаттардын айлыгы канча эле? Айына 1500 болуш керек эле. Ошондо 5 жылда 90 000$»,- деп ойго түштү эксперт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх