Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязовдун иши: Сот ИИМдин башчысына анын тергөөчүлөрүнүн мыйзам бузуулары туурасында маалымдайт

Сот президенттик аппараттын мурдагы жетекчисинин иши боюнча тергөө тобунун башчысынын аракетсиздигин мыйзамсыз деп тапты

Сот Фарид Ниязовдун жактоочу тарабынын тергөө тобунун жетекчиси - ИИМнин Тергөө кызматынын башкармалык башчысы Жумабаевдин жана тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине каршы доо арызын канааттандырды.

Соттук отурумда аныкталгандай, тергөө тобу иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча экспертизалардын бир нече түрүн дайындаган. Бирок, тергөө тобунун башчысы да, тергөөчүлөр дагы шектүү Ниязовду жана анын жактоочусун экспертиза дайындоо боюнча токтомдо менен тааныштырбай, муну менен КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 172 жана 174-беренелеринде каралган алардын укуктардын одоно бузушкан.

Соттун токтомунда бул учурда сөз болгон КРнын КПКнин эрежелерин бузуулар ИИМнин ТКнын ТБнун тергөөчүлөрү тарабынан Фарид Ниязовду жана анын жактоочусун экспертизалардын дайындалышы менен тааныштыруу аркылуу жоюлушу керек деп жазылган.

Сот ИИМнин тергөө тобунун жетекчиси жана тергөөчүлөрдүн КРнын КПКнин эрежелерин бузушканын ички иштер министрине жана башкы прокурорго маалымдоо керектигин туура көргөн.


КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх