Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Алмазбек Шаршенович Батукаевди өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан

Экс-башкы прокурор эмнеге өзүн күнөөсүз деп эсептээрин түшүндүрдү

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бардыгын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге айтып берген.


Салянованын айтымында аны соттук отурумдарга азырынча чакырыша элек.


- Эгерде чакырышса, мен сөзсүз барып, бардыгын айтып берем, - деп убадалады Аида Женишбековна. - Ал маалда Алмазбек Шаршенович Батукаевди анын оорусуна жана мамлекетте криминалдык абалдын начарлап кеткенине байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан.


Ал ошондой эле, Атамбаев бардык аракеттердин мыйзамдуу экенин да баса белгилегенин да билдирди.


- Буга байланыштуу, мен мурдагы президент Батукаевдин бошотулушуна түздөн түз тиешеси бар деп эсептейм, - деди көзөмөл органынын мурдагы башчысы. - Мен болсо өзүмдү мурдагыдай эле күнөөсүз деп эсептейм. Анткени, прокуратура абактагы адамдын ден-соолугу туурасындагы документтерди текшергидей сот да дарыгер дагы эмес. Биздин мындай ыйгарым укуктарыбыз жок. Эгерде Атамбаев Батукаевдин саламаттыгы туурасында документтерди бурмалаган болсо, ал буга жооп бериши керек.


Белгилей кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иштин алдын ала угуулары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтмөкчү.
Экс-президенттин жактоочулары Атамбаевдин тийиштүү арыз жазып бергенин маалымдашты.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх