Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахматбек Келдибеков: Эркин Мамбеталиевдин кызынын тоюнда Камчы Көлбаевди көргөн жокмун

ЖКнын экс-спикери Атамбаевдин мурдагы жансакчысы менен илгертен дос экенин тактады

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков кримтөбөл Камчы Көлбаев, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев жана башка белгилүү инсандар конок болуп барган Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кызынын кыз узатуу тоюна барганы боюнча комментарий берди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Ахматбек Келдибекович Эркин Мамбеталиев менен убакыттан бери дос экенин белгиледи.

- Мен кыз узатууда эмес, үйлөнүү тойдо болгом, - деп белгиледи Келдибеков. - Камчы Көлбаевди ал жерден көргөн жокмун. Эмне үчүн мен ал тойго барбашым керек эле? Эркин Мамбеталиев мыйзамсыз эч нерсе кылган жок, анын үстүнө биз 90-жылдардан бери таанышпыз. Мен ал кезде жаңы окууну аяктагам, ал болсо ОМОНдо кызмат кылчу. Биз абдан жакын, достук мамиледебиз.

Муну менен бирге Келдибеков досторду тандоодо алардын саясий көз караштарына көңүл бурбасын кошумчалады.

- Мен адамдар менен алардын саясий көз караштарына таянып мамиле курбайм, - деп белгиледи ЖКнын мурдагы төрагасы. - Мен мурдатан келаткан мамилелерибизге карап, дос күтөм.

Тактай кетсек, Эркин Мамбеталиев Vesti.kg сайтына буга чейин берген маегинде кызынын үйлөнүү тоюна келген коноктордун арасында Ахматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, Байтемир Ибраев жана башкалар болгонун тастыктаган. Мамбеталиев бардык коноктор менен достук мамиледе экенин айтып өткөн.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх