Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл районунун акими: Улутташтырылган пансионаттарда менеджмент өтө начар

Данир Иманалиев депутат Элвира Сурабалдиева жарыялаган айрым эс алуу жайларынын мышык ыйларлык абалы боюнча пикирин билдирди

Ысык-Көл районунун акимиаты улутташтырылган пансионаттардагы менеджментти алмаштыруу жөнүндө бир нече ирет маселе көтөргөн. Бул тууралуу аталган райондун акими Данир Иманалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

- ЖКнын депутаты Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келишкен, - деп белгиледи ал. - Алар улутташтырылган пансионаттарды көрүп чыгып, алардын финансы-чарбалык ишмердүүлүгү менен таанышышты. Эльвира Сурабалдиева сүрөткө тарткан көрүнүш «Золотые пески» пансионатын карап чыгууда тартылган. Бул пансионаттар Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу. Аларга тиешелүү аймак начар абалда, туш-тушта таштандылар жатат. Ал жерде менеджмент начар болгонунан ушундай абал түзүлдү. Мен бул пансионаттарда менеджментти алмаштыруу керектиги жөнүндө бир нече ирет маселе көтөргөм.

Муну менен бирге аким улутташтырылган пансионаттар жергиликтүү бийлик органдарына баш ийишперин дагы кошумчалады.

- Бул пансионаттардын директорлорун дайындоо биздин макулдашуубуз менен кошо өтүшү керектиги тууралуу маселе көтөргөнбүз, анткени, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк же акимиат менен эч кандай келишүү болгон эмес, - деп сөзүн улантты Иманалиев. - Биз бул жөнүндө көп жолу айтканбыз, пансионаттардын директорлорунун баскан-турганын биз жакшы билебиз да. Бул абалды оңдоо боюнча Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылуу керек. Муниципалитет тарабынан биз жогорку жактан келген конокторго дайынданып, өзүбүзгө тиешелүү тилкелерди жыйнаштырып чыкканбыз. Пансионаттын ички аймагы бизге караштуу эмес.

Муну менен бирге Ысык-Көл районунун акими жайкы сезондо «Золотые пески» пансионатынын дарегине көп сын-пикирлер түшкөнүн белгиледи.

Тактай кетсек, ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева кечээ Twitter социалдык тармагына Ысык-Көлдөгү улутташтырылган пансионаттардын абалы чагылдырылган сүрөттөрдү жарыялаган. Парламент мүчөсү «Золотые пески», «Витязь», «Рохат» пансионаттарында болгонун, алар өтө начар абалда экинин жазган.
Түшкөн кирешелер боюнча да суроо көп, - деп кошумчалаган эл өкүлү.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх