Депутат Нурбаев: Теологдор коркпостон өз пикирин эркин айта алышабы?
Парламент мүчөсү мамлекет тарабынан эксперттердин коопсуздугуна кам көрүлөбү деген суроосун узатты
Өз пикирлерин ачык билдирген теологдордун коопсуздугуна мамлекет тарабынан кандай кам көрүлөт? Ушундай суроо менен ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев парламенттин жыйынында УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылды.
- Алар террористтерге каршы көрсөтмө беришкенден кийин террористтер аларга кысым көрсөтөт деген тобокел жокпу?, - деп сурады парламент мүчөсү. - Бул коопсуздук маселеси. Суроо укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө даректелет. Мамлекет эксперттердин коопсуздугун камсыздайбы? Бул маселени ким карайт жана теологдор менен алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыздайт? Алар өз пикирлерин ачык айта алышабы?
ИИМнин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, күч органдары эксперттердин кызыкчылыктарын мыйзам негизинде коргоорун белгиледи.
Муну менен бирге Нурбаев укук коргоо органдары канча убакытка эксперттерди коргошорун тактады.
- Бир жыл жана андан ашык, - деп жооп берди Каниметов.
Медина Купсулдаева
Фото www