Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: 2019-жылы террористтик уюмдарга катышы бар 16 адам кармалды

 Алардын он бири - эл аралык терроризмге катышы бар үчүн, беши - экстремисттик ишмердүүлүк үчүн

2019-жылы Кыргызстанда террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышы бар 16 адам кармалды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков билдирди.

ЖК депутаты Руслан Казакбаев УКМКнын өкүлүнө кайрылды:

- Кыргызстанда ар бир жаранга дин тутуу эркиндиги кепилденет, - деп эске салды парламент мүчөсү - Бул Конституцияда жазылган. 2018 жана 2019-жылдары терроризм жана экстремизм багытында канча кылмыш иши козголгон? Алардын ичинен канчасы диний терроризм, канчасы диний экстремизм багытында козголду?

УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков эл өкүлүнө анда 2019-жыл үчүн маалыматтар бар экенин айтты.

- Үстүбүздөгү жылы террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышы бар 16 адам кармалган, - деди УКМКнын башчысынын орун басары. - Алардын он бири - эл аралык терроризмге катышы бар үчүн, беши - экстремисттик ишмердүүлүк үчүн.

Мындан кийин депутат:

- Бул иштер дин же башка түрлөр менен байланыштуубу?, - деген суроосун узатты. Терроризм менен экстремизмдин түрлөрү көп. Террористтик уюмдар ар түрдүү болот, аларды сөзсүз эле дин менен байланыштыруунун кереги жок.

- Алар өздөрүн диний уюм деп эсептешет, бирок, иш жүзүндө алар террористтик уюм, - деп жооп кайтарды Тургунбеков.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх