Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын экс-спикери: Негизи, депутаттар мыйзам жазбаш керек деген идеяда акыл бар

Ал эми Жылдызкан Жолдошева парламент мүчөлөрү мыйзам чыгаруучу ишинен бошой турган болсо, таптакыр эле «жыргап-куунап» жашап калышат деген пикирде

Депутаттар мыйзам долбоорлорун жазбашы керек деген идеяда, негизи, акыл бар. Анын үстүнө көптөгөн демократиялык өлкөлөрдө мындай тажрыйба колдонулат. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курманов бөлүштү.

Тактай кетсек, депутат Курманкул Зулушев «Азаттыкка» берген интервьюсунда парламенттин ишинин регламентинен депутаттарды мыйзамдарды жазууга милдеттендирген жобону алып салуу керектигин айткан. Өз идеясын эл өкүлү депутаттар мыйзам жазууга көп убакыт коротуп, кийин аларды жакшылап талдап, талкуулай албай келишет деп түшүндүргөн.

Зулушев мыйзам долбоорлорун жазуу менен өкмөт жана тийиштүү органдар алектенип, ал эми парламент аларды болгону талкуулап жана кабыл алышы керек деп белгилеген.

- Демократиялык өлкөлөрдө парламент мүчөлөрү мыйзам жазбай калышкан, анткени, буга тийиштүү интеллект керек экенин, ал болсо бардыгында эле боло бербесин түшүнүшөт, - деди Зайнидин Карпекович. - Мисалы, Францияда мыйзам сунуштоочу институт бар. Ал жерде депутат кандайдыр-бир мыйзам кабыл алууну сунуштайт, ал эми адистер аны иштеп чыгышат. Андан кийин алар аны талкуулап туруп, кабыл алышат. Биздин мамлекетте болсо депутаттар жазган көптөгөн мыйзам долбоорлору үстүртөдөн жазылып, башка нормативдик актылар менен дал келбей калат.

Мурдагы спикер парламент айрым учурда бош мыйзамдарды талкуулоого абдан көп убакыт коротоорун кошумчалады.

- Анын үстүнө буга чейин регламентте депутаттар жазган мыйзамдар талкууда өкмөттүн документтерине караганда артыкчылыкка ээ деген норма болгон, - деп тактады ал. - Башкача айтканда, кабмин талкууга чынында эле абдан маанилүү мыйзамдарды коюп, бирок, алар депутаттар өз мыйзамдарын талкуулап бүткүчө көмүскөдө кала берчү.

Муну менен бирге Курманов мыйзам кабыл алууда оппозиция абдан аз ролду ойнойт деген пикирде.

- Оппозиция өкмөт менен парламенттин ишине таасир кыла аларына карабастан, - деди ал. - Бирок, эмнегедир, биздин оппозиционерлер мыйзам долбоорлорун жазышпайт. Өнүкккөн мамлекеттерде парламенттердин иш регламентинде бардыгы так жана тең салмактуу жазылган - ал жакта бийлик да, оппозиция дагы өлкөнүн өнүгүү жолдоруна өз көз караштарын мыйзамдар аркылуу билдиришет. Мындан сырткары, жаңы мыйзамдарды жазууга акчалай каражат кетээрин да эстен чыгарбоо керек, анткени, буга эксперттерди жалдашат да, көбүнчө.

Өз кезегинде экс-депутат Жылдызкан Жолдошева бул боюнча башка көз карашка ээ.

- Эгерде эл өкүлдөрүнөн бул вазийпаны алып койсо, алар такыр эле жыргап-куунап жашап калышпайбы, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Мен парламент мүчөлөрү мыйзам жазышы керек деп ойлойм, анткени, алар элдин атынан сүйлөшү керек да. Көптөр кереги жок мыйзамдарды жазып, айрым документтер болсо бизнесмендердин кызыкчылыктарын көздөгөнү көйгөй болуп жатпайбы, болгону. биздин өлкөдө саясат эчак эле бизнеске айланып кеткен.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх